#бибиси #жаңылыктар #израиль
Январда Бириккен Улуттар Уюмунун жогорку соту, Израил, Газада геноциддик актыларды, анын ичинде геноцидге үндөгөн же ага шыкакчы болгон ачык билдирүүлөрдү болтурбоо үчүн бардык чараларды көрүшү керек деген чечим чыгарган. Бирок Израил аларга каршы козголгон иш, чектен чыккандык деп айтып, геноцид деген дооматты четке кагууда. Израилде 1200дөй кишинин өмүрүн алган Хамастын 7-октябрдагы чабуулдарынан кийин, Израилдин бомбалоосу башталып, Газада 40 миңден ашуун палестиналык каза болду. BBC NEWS – Arab кызматы, Эл аралык соттун убактылуу буйругунан кийин Израил кандай чараларды көргөнүн жана Израилде кандай ачык чакырыктар айтылганын изилдейт. Геноцидге үндөгөн сөздөрү үчүн ХАМАС дагы айыпталган.
Инстаграм баракчабызга жазылыңыз: https://www.instagram.com/bbcnewskyrgyz/
Вебсайтыбызга баш багыңыз: https://www.bbc.com/kyrgyz
Фейсбук баракчабызга көз салыңыз: https://www.facebook.com/bbcnewskyrgyz